Бул тууралуу аймактагы кабарчыбыз Жеңиш Айдаров кабарлады. Анын айтымында, 16 адам барымтадан бошотулган соң медициналык кароодон өткөрүлүп, 13 адамдын денесинде ар кыл жараат бар экени аныкталган. Учурда аталган жарандар Баткен облустук ооруканасына жаткырылды.
6-январда Баткен облусунун аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавынын Хушяр айылынын тургундары Кыргызстандын 30 жаранын барымтага алышкан. Барымтадагылар бүгүн кечинде бошотулду.
Өзбек жарандары аталган айылга чектеш Баткендин Чарбак айылына кыргыз тарап чек ара тозотун ачылышына нааразы болушкан.(BkA\JsA)