Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:08

2020-жылкы жайкы олимпиада кайсы жерде өтөөрү быйыл күзүндө аныкталат


Стамбул, Мадрид жана Токио 2020-жылы жайкы Олимпиаданы өткөрүү арызын Эл аралык Олимпиада комитетине расмий тапшырышты. Жүздөгөн беттен турган документтер болочок стадиондордун планын, бюджет, коопсуздук чаралары, мейманкана, спортсмендерди жайгаштыруу жайлары жөнүндө жана башка маалыматтарды камтыйт. Комитеттин комиссиясы март айында ар бир шаарды кыдырып чыгат. Ал эми 7-сентябрда Буэнос Айрес шаарында Олимпиаданын кожоюну жашыруун добуш берүүдөн кийин аталмакчы.

Эл аралык Олимпиада комитети Швейцариянын Лозанна шаарында жайгашкан. Ал эми кошуна Цюрихте бүгүн Ballon d`or же Алтын топ сыйлыгынын ээси белгилүү болот. Бул наам ФИФА тарабынан жылдын эң мыкты футболистине ыйгарылат. Барселонанын оюнчусу аргентиналык Лионел Месси 4 жыл катары менен мыкты аталып, рекорд коюшу мүмкүн. Калган 2 талапкерлер - футбол жылдыздары Криштиан Роналдо жана Андрес Иньеста.

XS
SM
MD
LG