Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

АКШда коргоо министри жана ЦРУ жетекчиси дайындалды


АКШнын президенти Барак Обама республикачылардын мурдагы сенатору Чак Хэйгелди коргоо министри жана терроризм менен күрөшүү боюнча өзүнүн кеңешчиси Жон Бреннанды Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУнун) жетекчиси кылып дайындады. Мындай чечимин Обама дүйшөмбүдө жарыялады. Эми жогорку даражалуу кызматка дайындалгандар Сенат тарабынан жактырылууга тийиш. Вьетнам согушунун ардагери, 66 жаштагы Хэйгел Израилге сын көз карашы менен белгилүү жана Иран менен диалог жүргүзүү аракеттерин колдогондордун бири. 25 жылдан бери ЦРУда эмгектенген Бреннан болсо 2011-жылдагы Усама Бен Ладенди жок кылган операцияны даярдагандардын бири болгон. Аны Обама ЦРУнун жетекчилигине 2008-жылы эле көрсөткөн болчу. Бирок өз дарегине айтылган сындардан улам бул кызматтан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG