Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Камчы Көлбаевдин камактагы мөөнөтү бир айга узартылды


Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева билдирди. Анын айтымында, Бишкектин Биринчи Май райондук соту Көлбаевдин баш коргоо чарасын карап, 3-февралга чейин узартуу чечимин кабыл алды.

Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү деп саналган Камчы Көлбаевге Кылмыш-жаза кодексинин адам уурдоо, талап-тоноо, кылмыштуу топ уюштуруу, курал жана жарылуучу зат алып жүрүү, маңзат өндүрүү жана таратуу сыяктуу жети берененин негизинде кылмыш иши козголгон.

Көлбаев 8-декабрда Дубайдан Бишкекке алып келинип, бир айга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалган.(BkA)

XS
SM
MD
LG