Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди. Анын айтымында, кылмыш иши денеге залака келтирүү фактысы боюнча “бейбаштык” (234-берене) беренеси менен козголду. Учурда тергөө, тактоо иштери жүрүүдө. Журналисттерди ким сабагыны тууралуу азырынча так маалыматтар айтыла элек.
7-январда Коомдук телерадио корпорациясынын журналисттери ” “Түндүкэлектр” ишканасынын өкүлдөрү менен бирге рейдге чыккан. Алар Бишкекте "Ата-Түрк" сейил багынын жанында жашаган электр энергиясы үчүн акы төлөбөгөн, мыйзамсыз колдонгон үйлөр боюнча сюжет тартып жүргөн. Журналисттердин айтымында, Малдыбаев 16 дарегинде жашаган киши аларга кол көтөрүп, итке талатаарын айтып коркуткан, журналисттердин техникаларын сындырып салган. Кабарчылардын бирөөсү мээси чайкалып, ооруканага жаткырылды. (КЕ)