Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:30

Ошто журналисттердин дагы бир аллеясы ачылды


Ош шаарынын Ак-тилек кичи районунда ачылган аллеяга бүгүн өлкөнүн түрдүү аймактарынан келген журналисттер 200 түп арча тигишти. Жакын арада ар бир тигилген даракка бирден маалымат каражаттарынын аты жазыларын мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Шаар мэриясы бул жерди журналисттердин борборуна айландырууну убада кылууда. Калаа башчысы Мелис Мырзакматов билдиргендей, жаздан тарта аллеянын жанына журналисттер үчүн басма сөз борбору, атайын кафе жана жалпыга маалымдоо каражаттарында иштегендердин балдары үчүн аянтча курулат. Бул аймак мындан ары Журналисттер көчөсү деп аталат. Аны курууга жергиликтүү бюджеттен 86 миллион сом коротулууда.

Өткөн жылдын жазында "Журналисттер" коомдук бирикмесинин демилгеси менен Ош улуттук кыргыз драма театрынын жанына да Журналисттер аллеясы ачылган. (SE)

XS
SM
MD
LG