Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:39

АКШнын жаңы коргоо министрине Иран үмүт артты, Израил тынчызданды


Чак Хагел.
Чак Хагел.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, алар алдыда Пентагонду мурдагы сенатор Чак Хагел жетектеши менен Вашингтон -Тегеран алакасы жакшырат деп үмүттөнөт.

Иран тышкы саясий мекемесинин өкүлү Рамин Мехманпараст белгилегендей, аларда АКШнын тышкы саясатында “практикалык өзгөрүү” болот деген үмүт бар.

Бул аралыкта Израил парламентинин төрагасы Реувен Ривлин Хагелдин АКШ Коргоо министрлигине дайындалышы Израил үчүн тынчсыздануу жаратарын айтып чыкты.

Президент Обама коргоо министринин кызматына ушул дүйшөмбү күнү көрсөткөн Хагел Израилди сындаганы жана Иран менен диалогдун жактоочусу катары белгилүү.

Оппозициядагы Республикалык партиянын айрым таанымал конгрессмендери Хагелдин бул кызматка келишине канааттанбай турганын айтышып, аны Сенатта бекитүү учурунда катуу талкуулар болорун кыйытышты.

АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Иран өзөктүк курал жасап жатат деп шек санашат.Тегеран мындай ырастоолорду четке кагат. (UE)

XS
SM
MD
LG