Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:06

БУУ: 1 миллион сириялыктын тамак-аштан айласы куруп турат


Сириялык качкындардын Иорданиядагы лагери. 8-январь, 2012-жыл.
Сириялык качкындардын Иорданиядагы лагери. 8-январь, 2012-жыл.
Улуттар уюмунун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, бир миллиондой сириялыктын тамак-ашка бөтөнчө муктаж болуп турушунун себеби - Сирия өкмөтүнүн жардам таратууга киргизген чектөөсү.

БУУнун Азык-түлүк программасынын өкүлү Элизабет Бирстин айтымында, алар тамак-ашты айына 1,5 миллион кишиге таратууда. Ал эми муктаждардын жалпы саны 2,5 миллиондун тегерегинде.

Дүйнөлүк Азык-түлүк программасы белгилегендей, алар өз аракетин гуманитардык жардам таратууга саналуу гана уюм уруксат алганынан улам кеңейте албай жатат.

БУУнун эсебине караганда, Сириянын 21 айдан бери уланып жаткан жаңжалда 60 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды. Ал эми катталган качкындар саны акыркы айда 500 миңден 600 миңге жакындады. (UE)

XS
SM
MD
LG