Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Барымтадан бошотулгандарга зарыл жардам көрсөтүлбөй жатканы айтылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Сохто барымтадан бошотулуп, учурда Баткен облустук ооруканасында дарыланып жаткан Мамасалы Жоробеков аттуу жаран билдирди. Анын айтымында, ооруканада бекер дарылоо убада кылынса да, дарыгерлер акы сурап, мүмкүнчүлүгү жок жабырлануучулар ооруканадан дарыланбастан эле чыгууга мажбур болууда.

Баткен облустук ооруканасынын башкы дарыгери Тургунбай Айжигитов мындай маалыматты четке какты. Анын түшүндүрмөсүнө караганда, жабырлануучулар алгач ооруканага жаткырылганда мыйзамда көрсөтүлгөн акы талап кылынган. Бирок шейшембиде облус бийликтери барымтадан бошотулган бейтаптардын баарын акысыз дарылоо тууралуу чечим кабыл алган.

Өзбекстандын Сох анклавынан барымтадан бошотулган 16 адам медициналык кароодон өткөрүлүп, 13 адамдын денесинде ар кандай жараат бар экени аныкталган. Учурда алардын ичинен 6 жаран Баткен облустук ооруканасында дарыланууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG