Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:40

Уго Чавес ант берүү аземине катыша албайт


Ушул тапта ооруп жаткан Венесуэланын президенти Уго Чавес бейшембиге белгиленген ант берүү аземине катыша албайт. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук Ассамблеянын спикери Диосдадо Кабелло шейшембиде ассамблея мүчөлөрүнө вице-президент Николас Мадуронун катын окуп жатып билдирди. Анда Чавеске операция жасаган кубалык дарыгерлер президенттин саламаттыгы 10-январга чейин мурдагы калыбына келбей турганын билдиришкени жазылган. Ошондуктан ант берүү аземинин мөөнөтү кийинкиге жылдырыларын вице-президент Николас Мадуро өз катында кабарлаган.

Уго Чавеске 11-декабрда төртүнчү онкологиялык операция жасалган. Операциядан соң анын саламаттыгы начарлап, дем алуусу кыйындаганын белгилүү болгон. Венесуэланын Конституциясына ылайык, анын азыркы президенттик мөөнөтү 10-январда бүтүп, кийинкисине расмий ант берип кириши керек болчу.

XS
SM
MD
LG