Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:02

Ооганстанда аскер кийимчен киши НАТО аскерин өлтүрдү


Ооганстандын түштүгүндө НАТО баштаган Эл аралык коопсуздукка көмөктөшүү күчтөрүнүн мүчөсү, британ аскери өлтүрүлдү. Аталган күчтөрдүн маалыматында, британ аскерине ооган армиясынын формасын кийген киши Гелман дубанындагы аскер базасында ок чыгарган. Кол салган адамды НАТО күчтөрү ошол замат өлтүрдү. Бул кол салууга жоопкерчиликти талибдер алышты. Кол салуу ооган президенти Хамид Карзай АКШда сапарда жүргөн учурга туш келди. Карзай сапарынын жүрүшүндө Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама АКШ жана НАТО контингентин 2014-жылдын аягына чейин Ооганстандан чыгаруунун жол-жобосун талкуулайт.

XS
SM
MD
LG