Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Жогорку Сот алдындагы Конституциялык палатанын калган алты судьясын тандоо иши бүгүн улантылат. Бул орунга 12 талапкер документ тапшырды. Сынактын биринчи турунда алардын документтери текшерилип, кызматка ылайыктуулугу каралат.
Буга чейин жарандык коомдук айрым өкүлдөрү Конституциялык палатанын судьяларын тандоо атайын создуктурулуп жатат деп билдиришкен. Шамарал Майчиев бул дооматтарды четке кагып, тандалган талапкерлер президенттин кароосунан өтпөй калганын белгиледи. Сотторду тандоо кеңеши тандаган талапкерлер президент жактыргандан кийин гана Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт. (BkA)