Оштун Өзгөн районунда кытайлык TBEA компаниясында иштеген кытайлар менен кыргыздардын ортосундагы массалык мушташка кытайлык ишкердин мобилдик телефону жоголгону себеп болгон. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин “Азаттыкка” айтымында, кытай жарандары мобилдик телефонду уурдады деген шек менен Өзгөндүн эки тургунун ур-токмокко алып, камап коюшкан. “Кытайлык ишкерлер жабыркагандарды бошотуу үчүн келген туугандарын кошо сабап, милицияга да кол көтөргөн”, - деди Аширбаев.
Андан көп өтпөй жаалданган кыргыздар топтолуп келип, кытайлар турган кафени талкалап, өздөрүн сабап салышкан. Азыр жаңжал басылып, окуя боюнча иликтөө иштери башталды. JAk
Андан көп өтпөй жаалданган кыргыздар топтолуп келип, кытайлар турган кафени талкалап, өздөрүн сабап салышкан. Азыр жаңжал басылып, окуя боюнча иликтөө иштери башталды. JAk