Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:19

Сохтун тегерегиндеги чек ара бекеттери жабык бойдон


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин чек ара аскерлигинин маалымат кызматы Баткендеги Сох анклавынын тегерегиндеги бардык өткөрмө бекеттер жабык турганын билдирди. “Кайтпас”, “Кызыл-Кыя”, “Ак-Кыя”, “Өтүкчү” өткөрмө бекеттери жана “Боз-Адыр”, “Чечме”, “Кызыл-Тоо” чек ара көзөмөл пункттары 5-январда Сох анклавындагы чырлуу окуядан улам жабылган эле.

5-январь күнү Чарбак айылында жаңыдан ачылган чек ара тозотуна электр энергиясын жеткирүү үчүн кыргыз чек арачылары электр мамыларын орното баштаганда өзбекстандыктар нааразы болуп, кыргызстандык 30 жаранды барымтага алып, 2 күндөн кийин кайра бошоткон. Ушул окуядан улам кырдаалдын курчуп кетишинен чочулап, кыргыз тарап чек ара бекеттерин ошол заматта жапкан. JAk

XS
SM
MD
LG