Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Өзгөндөгү мушташ боюнча 6 кылмыш иши козголду


Кечээ эртең менен Оштун Өзгөн районунда кытайлык TBEA компаниясында иштеген кытайлар менен кыргыздардын ортосундагы массалык мушташ чыгып, ондогон адамдар ооруканага жаткырылган. Окуя боюнча азыр зөөкүрлүк, массалык башаламандык уюштуруу, бийлик өкүлүнө күч колдонуу, атайлап денеге жеңил залал келтирүү, атайлап денеге оор залал келтирүү жана мыйзамсыз эркинен ажыратуу беренелери боюнча 6 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев маалымдады. Анын айтымында, азыр окуя боюнча 10 тергөөчү иштей баштады, жалпысынан 200дөй адам суракка алынат. Ушул тапта түрдүү жараат алып, 18 адам ооруканада жатат.

Кечээ орун алган жаңжалга кытайлык ишкердин мобилдик телефону жоголуп, аны уурдаган деп шектелген кыргыздарды кытай ишкерлери сабап койгону себеп болгон. Андан көп өтпөй жаалданган кыргыздар топтолуп келип, кытайлар турган кафени талкалап, өздөрүн сабап салышкан. JAk

XS
SM
MD
LG