Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:09

Чавестин инаугурациясы кийинкиге калды


Венесуэла президенти Уго Чавестин 10-январда болчу инаугурациясы Чавестин ден соолугуна байланыштуу кийинкиге калды. 58 жаштагы Чавес 12-декабрдан бери Кубада ракка каршы дарыланууда. Чавес бейшемби күнү Улуттук ассамблея алдында ант бермек. Парламент кабыл алган чечимге ылайык, Чавес айыгып келгенден кийин Жогорку Сот алдында ант берип, үчүнчү мөөнөт президенттик вазийпасын аткара баштайт. Мындай өтүнүч парламентке Венесуэланын вице-президенти Николас Мадуродон келген. Оппозициячыл депутаттардын Чавестин жана вице-президент Мадуронун мандаты 10-январда бүткөндүктөн президенттин милдетин парламент төрагасы Диосдадо Кабелло аткарып турсун деген сунушу өткөн жок.

1999-жылдан бери президенттик кылып келген Чавес былтыр октябрда үчүнчү мөөнөткө шайланган.

XS
SM
MD
LG