Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:45

Өзбек жарандары Сохко өтө албай жатат


Сохтогу чатакка жана чек ара тозоттору жабылганга байланыштуу өзбекстандык 87 жаран Сохко кайта албай, Риштан районунда отурушат. Бул жөнүндө “Азаттыктын” өзбек кызматы Өзбекстандын бейөкмөттүк адам укугун коргоочу уюмуна шилтеп кабарлады.

Сохтун өзүн атын атагысы келбеген тургуну “Азаттыктын” өзбек кызматына чек арадан эч ким өтө албай жаткандыгын билдирди:

- Үч күндөн бери Риштан тарапта турабыз. Чек ара жабык. Азыр эле үй (Сохтогу) менен сүйлөштүм, баары тынч .

Өзбекстанда чет элдик кабарчылардын иши катуу чектелгендиктен, кабарларды тактоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG