Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Коргоо кеңеши Чарбактагы жаңжал боюнча чечим кабыл алды


Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришкендей, Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин бүгүнкү жыйынында жаңжалдын себептерин иликтей турган мекемелер аралык кеңеш түзүлдү. Бул комиссияга Чек ара кызматы, Башкы прокуратура жана ИИМдин өкүлдөрү кирип, чатактын чыгыш себебин иликтемекчи.

Ошондой эле кеңеш өз чечими менен Чек ара кызматына 21-январга чейин ички териштирүү жүргүзүп, Чарбактагы жаңжалдын чыгышына себепкер болгон күнөөкөрлөрдү аныктоо, ыктымал жаңжал чыгуу коркунучу бар чек ара аймактарында коопсуздукту бекемдөө, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын жетекчилигине чек ара аймактарынын жашоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Муну менен катар Укук министрлигине чек арадан мыйзамсыз өткөндөргө жазаны күчөтүүнүн жолдорун сунуштоо, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Айгүл-Таш – Согмент – Чарбак – Таян унаа жолун куруу долбоорун 4-февралга чейин даярдоо, ИИМге чек ара аймактарындагы калктын коопсуздугун камсыздоо үчүн милиция кызматкерлеринин санын көбөйтүү тапшырылды.

6-январда кыргыз чек ара бекетине электр зымын тартуу учурунда Сох анклавынын тургундары кыргыз чек арачылары менен кагылышкан. Андан кийин Кыргызстандын отуздай жараны барымтага алынып, дүйшөмбүдө алардын баары бошотулган эле. Өзбек тараптын ырастоосунда, кагылышуу учурунда алардын кеминде үч жараны ок жеп жаракат алган. Кыргыз чек арачылары болсо ок атылбаганын билдиришкен.(BkA)

XS
SM
MD
LG