Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

Сириялык козголоңчулар ирандык 48 жаранды бошотту


Анын ордуна Сирия армиясы мурда туткундалган 2130 козголоңчуну абактан чыгарды. Бул келишимге түркиялык адам укугун коргоочу уюм - IHH арачылык кылганын, Сириянын ички иштер министрлигинин Дамаскидеги абак жайынан чыгарылгандардын ичинде аялдар, балдар жана төрт түркиялык жаран бар экенин жарым өкмөттүк Анадолу агенттиги маалымдады. Козголоңчулардын ырасташынча, туткундар Ирандын ыңкылапчыл гвардиясында кызмат өтөгөн адамдар. Ирандын тышкы иштер министри Али Акбар Салехи ырас эле сириялык эрегишчилер туткунга алган жарандардын арасында ыңкылапчыл гвардиянын отставкадагы кызматкерлери бар экенин тастыктап, алар былтыр августта зыяратка баратканда туткунга алынганын билдирген.

Көтөрүлүшчүлөрдүн билдиришинче, Иран өкмөтү Башар Асаддын режимине 2011-жылы март айында элдик чыгуулар баштагандан бери жардам көрсөтүүдө.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG