Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

Палестин президенти ХАМАСтын лидери менен биригүү жөнүндө сүйлөштү


Биригүү боюнча палестиндердин эки атаандаш уюмунун жетекчилери Египеттин борбору Каирде жолугушту. Алар алгач шаршембиде Египет президенти Мухаммед Мурси менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Андан соң экөө өз ара жолугуп, биригүүнүн жолдорун талкуулашты. Бул эки уюм биримдик келишимине 2011-жылы эле кол койгон, бирок ал аткарылбай келе жатат. Азыркы жолугушуу болсо Аббастын аракети менен Палестин автономиясы Улуттар уюмуна “байкоочу мүчө” деген макам алышына жана ХАМАСтын Израил менен Газа тилкесиндеги ноябрь айындагы сегиз күндүк согушунан соң болуп атат.

Аббас башында турган ФАТХ уюму Батыш Иордандагы Израил басып алган аймактарды башкарат. Газа секторундагы бийлик болсо Халед Машал жетектеген ХАМАСтын колунда. Эки топтун ажырым 2007-жылы ХАМАС Газаны ээлеп алганда башталган.

XS
SM
MD
LG