Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:17

Өзгөндөгү мушташка катышкан Кытай жарандары Ошко алып келинди


Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев маалымдады. Анын айтымында, мындай чечим коопсуздук чараларынан улам кабыл алынды. Шейшемби кечинде Өзгөн районунда кытайлык TBEA компаниясында иштеген кытай жарандары менен жергиликтүү тургундар ортосундагы массалык мушташ чыгып, ондогон адамдар ооруканага жаткырылган. Жаңжалга кытайлык ишкер мобилдик телефону жоготуп, аны уурдады деген шек менен өз шериктери болуп үч кыргыз жаранын сабап койгону себеп болгон. Андан көп өтпөй жаалданган жергиликтүүлөр топтолуп эки тараптын ортосунда мушташ чыккан. Окуя боюнча 6 кылмыш иши козголуп, 10 ашык тергөөчү окуяны иликтей баштады. (BkA\ErN)

XS
SM
MD
LG