Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:56

АКШ Индия менен Пакистанды сабырдуулукка чакырды


АКШ бийлиги Индия менен Пакистан ортосунда түзүлгөн соңку кырдаалды жөнгө салууга жана сабырдуулукка чакырды. Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Виктория Нуланд расмий Вашингтон шаршембиде эки өлкө бийликтери менен cүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн билдирди. Ал Индия менен Пакистан бул маселе боюнча жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөр уланаарына ишенээрин да кошумчалады.

Буга чейин Индия талаштуу Кашмир аймагын бөлүп турган көзөмөл тилкесинде пакистандыктардын огунан эки аскери мерт кеткенин, андан соң Пакистан аскерлери маркум жоокерлердин биринин башын кесип алганын билдирип, муну кескин айыптаган.

Пакистан армиясы болсо алардын жоокерлери оозунуп ок атканын төгүндөп, БУУну бул жаңжалды иликтөөнү колго алууга чакырды.

1947-жылдан бери Индия менен Пакистан ортосунда талаштуу Кашмир аймагына көзөмөлдүк кылуу үчүн маал-маалы менен куралдуу жаңжалдар чыгып келет.

XS
SM
MD
LG