Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Эл аралык чабарман өткөөл өкмөттөн Асаддын ролун көрбөй жатканын билдирди


БУУнун жана Араб лигасынын чабарманы Лахдар Брахими Сириядагы жаңжалды чечүүнүн алкагында сунушталып жаткан өткөөл өкмөттө Сирия президенти Башар Асаддын ролун көрбөй турганын билдирди.

Мындай пикирин Брахими Рейтер агенттигине интервьюсунда айткан. Буга чейин эл аралык чабарман Би-би-сиге маегинде Асаддардын үй-бүлөсүнүн Сирияны 40 жыл башкарышын өтө эле узак убакыт катары баалаган. Башар Асад 2000-жылы анын атасы Хафез Асад Сирияны 30 жыл башкарган соң бийликке келген. Брахиминин мындай билдирүүлөрү эл аралык коомчулукта Башар Асадды бийликтен кетүүгө чакырык катары кабыл алынып жатат.

XS
SM
MD
LG