Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

“Дастанды” жабдуу менен камсыздаган компания алдап кетти


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Дастан” заводун жабдуу менен камсыздай турган Орусиянын ишканасына байланыштуу көз боёмочулук беренеси менен кылмыш иш козгоду. Ага ылайык, “Сириус” ишканасы 264 миң долларга жабдуу алып келүү милдетин алган. Бул каражат аталган ишкананын банктагы эсебине которулганы менен бирок бүгүнкү күнгө чейин жабдуулар жөнөтүлгөн эмес. “Дастан” өз күчү менен бул ишкананы издеп, бирок таба албай койгондуктан УКМКга кайрылган. Азыр кыргыз-орус атайын кызматтары биргелешип издеп жатат. Козголгон кылмыш иш боюча тергеп-иликтөө уланууда.

"Дастан” жалпысынан суу астында жүрүүчү кемелер үчүн куралдарды – торпедолорду чыгарат. Ишкана мурунку жылы 1 млрд. 139 млн. сомдук товар өндүргөн. Продукциясын негизинен Индия, Орусия жана башка өлкөлөргө заказ менен сатат.

Кыргыз өкмөтү былтыр “Дастан” менчиктештирилерин билдирген. Буга чейин расмий Москва кыргыз тараптын советтик доордогу 190 миллион доллар карызын жоюу үчүн “Дастан” заводунун 75 пайыздан кем эмес акциясын талап кылып, бирок Бишкек ага көнбөй келген. (EBM)

XS
SM
MD
LG