Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:53

Кытай консулу Кыргызстандын мыйзамдарын сыйлоого убада берди


Кытай Эл Республикасынын Оштогу консулу Ли Баоцзюнь Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлыктар өлкөнүн мыйзамдарына урматтоо менен мамиле кылууга милдеттендирилээрин билдирди. Ал мындай пикирин бүгүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Сүйүн Өмүрзаков менен жолугушкан учурда айтты.
Консулдун айтымында, 9-январь күнү Куршабда чыккан окуя күтүлбөстүк болгон. «Анын артында кандайдыр бир карамүртөздүк жок. Биз ал жерде иштеп жаткан жарандарыбыз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстандын мыйзамдарын сактоого милдеттендиребиз»,- деди Баоцзюнь.

Ошондой эле ал Датка-Кемин долбооруна Кытайдын түрмөлөрүндө оор кылмыш менен камалган кишилер келген деген маалыматты төгүндөп, баары мыйзамдуу түрдө келген жөнөкөй жарандар экенин айтты.

Эл арасында Куршабда иштеп жаткан кытайлыктар камактагы кылмышкерлер экен деген маалыматтар тараган болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG