Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Кара-Сууда уурулукка шектелген өзбек жараны кармалды


Чек арадан мыйзамсыз өтүп, Кара-Сууда уурулук менен алектенип жүрөт деп шектелген өзбекстандык жаран өзүнө коюлган күнөөлөрдү моюндады. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширалиев билдирди. Анын айтымында, шектүү Жаңы жыл майрамына жакын кармалган. 25 жаштагы жигит Кыргызстанга өткөнүнө 3 айдан ашкан. Кара-Суудагы «Туратали» базарына жакын жердеги бир үйдө ижарада жашаган.

Ал базардын тегерегиндеги үйлөргө кирип, баалуу буюмдарды уурдоодо шектелип, кармалган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 20 үйдү тоногонун мойнуна алган. Тергөө амалдары уланууда. (SE)

XS
SM
MD
LG