Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

Жалал-Абад: той-ашта ысырапкорчулукту азайтуу сунушталды


Бүгүн Жалал-Абад шаарында “Сарамжалдуулук - бакубат жашоонун булагы” аттуу облустук кеңешме өттү. Ага бардык райондон келген 500-600 адам катышты. Анда той-аш, үйлөнүү той, өлүм-житим жана башка каада-салттардагы ыксыз чыгымдарды азайтуу жол-жоболору талкууланды. Үйлөнгөн жаштарды коштоп, 15-20дан кымбат баалуу автоунаалардын башка жүргүнчүлөргө тоскоолдугу, сөөк коюуда жана өлгөн адамдын ашын берүүдө кийит кийгизүү, жылкы союп, конок багуу, арак-шарап тартуу адаттары сынга алынды.

Экономика илимдеринин доктору , ЖАМУнун деканы Аманкул Зулпукаров бир ашка 1 миллион сом акча кетээрин билдирсе, айрым адистер өлкө боюнча той-аш, сөөк чыгаруудан ал адамдын жылдыгы менен ашын өткөргөнгө, үйлөнүү тойлоруна жылына 2 миллиард доллар каражат сарпталарын айтышты. Кеңешмеде үйлөнүү үлпөтүнө (ЗАГС) чыккан автоунаалардын санын 4-5тен ашырбоо, өлгөн адамдын бейшембилик, кырк күндүктөрүндө эмес, жылдыгында гана союш союу боюнча кайрылуунун долбоору кабыл алынды. (YA)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG