Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Чарбак жаңжалын чыгаргандар жазаланмайынча жол ачылбайт


Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн Баткендеги өкүлү Жеңиш Разаков бүгүн облустук акимчиликтин алдына чогулган эл менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, Чарбак айылына кирип келип, жергиликтүү элге, чек арачыларга кол салган, мүлкүн бүлдүрүп, барымтага алган, кол көтөргөн өзбек жарандарынын аты-жөнү белгилүү. Ошол адамдар жазасын алмайынча Өзбекстандын Сох анклавынын жака-белиндеги чек ара бекеттер ачылбайт.

Митингге чыккандар чек арадагы жол, суу жана жайыт өңдүү маселелерди тезинен чечүүнү, Сох анклавында блокадада калган Бөжөй айылы үчүн 14 чакырымдык жолду тезинен курууну талап кылышты. Азыр Согментте кыргыз-өзбек чек арасынын жанында да кайра эл топтолууда. Алар Жогорку Кеңештин депутаттарын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн күтүп жатышат. (EBM/JsA)

XS
SM
MD
LG