Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:46

Пакистан: Пилотсуз учактын соккусунан 3 киши набыт болду


Пакистандын Түндүк Вазиристан чөлкөмүндө аба соккудан кеминде 3 киши мүрт кетти. Сокку болжолу менен АКШнын пилотсуз учагы тарабынан урулган. Хушали айылынын жашоочулары Машал радиосуна маалымдашкандай, окуя бүгүн эртең менен болгон. Чалгындоо булактары соккудан ошондой эле террорчу деп шектелген 2 киши жарадар болгонун жана согушкерлер баш пааналаган жай делген комплекс талкаланганын бышыктады. Пакистан маалымат каражаттары 4 кишинин өлүмү тууралуу кабарлашууда. Машал радиосунун эсебинде, 1-январдан бери Түндүк жана Түштүк Вазиристан аймактарындагы уруулар байырлаган айылдарда пилотсуз учактар 6 ирет чабуул коюшкан. Окко учкандар арасында талиптердин лидерлеринин бири Маулви Назир да бар.

XS
SM
MD
LG