Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Чек арачылардын огунан жарадар болгондордун бири комадан чыкты


Сох райондук ооруканасынын башкы дарыгери Омонжон Фармонов "Азаттыктын" өзбек кызматына маалымдагандай, 5-январда Кыргызстан чек арачыларынын огунан жарадар болгондордун бири – 26 жаштагы Шакаржан Абдуфаттоев бүгүн комадан чыкты. "Андан тышкары ооруканада жараат алган дагы 4 киши жатат", - деди доктур.

Ал эми атын атабаган жергиликтүү тургундардын бири Сохто азыр абал тынч экенин, Фергана облусунун акими Шухрат Ганиев күнүнө 3 жолу жыйын өткөрүп жатканын маалымдады. Аксакалдар кеңештери болсо тынчтыкка, кошуна эл менен жаңжалдашпай жашоого үндөп, тил кат жаздырып алышууда.

Булактын айтымында, Кыргызстан тарап жолдорду кум, таш менен тороп салган. Ал тапта үйүнө кайта албай калган сохтуктар жүздөп саналаары кабарланууда. Алардын көбү Риштан жана Ферганада жакындарыныкында баш калкалашууда.

Буга чейин кыргыз чек арачылары өзбек жарандарына ок атылбаганын, болгону эскертүү иретинде асманга ок чыгарылганын айтып келген. (АА)

XS
SM
MD
LG