Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Согментте чогулган эл тарады


Кыргыз-өзбек чек арасынын жанына топтолгон эл менен өкмөттүн облустагы өкүлү Жеңиш Разаков менен Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынан депутат Улугбек Кочкоров жолугуп, жергиликтүү тургундардын доо-арызын укту. Чек ара аймагындагы жол, суу жана жайыт өңдүү талаш-тартыш жараткан маселелер чечилерин убада кылды. Бул тууралуу Согменттин тургуну Талип Камбаров “Азаттыкка” кабарлады.

Баткен облустук акимчилигинин алдында бүгүн Сох анклавынын айланасындагы айылдардан келген 300дөй адам чогулуп, ички иштер министри Шамил Атаханов менен чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленовдун жолукпай кеткенине нааразылык билдиришти. (EBM/JsA)

XS
SM
MD
LG