Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:15

Кашмирде кайрадан атышуу болду


Пакистан армиясынын билдирүүсүнө караганда, индиялык аскерлер бүгүн пакистандык жоокерди атып кетишти. Бул – эки өлкө талашып келаткан Кашмир чөлкөмүндөгү чек арада 5 күндүн ичинде болгон үчүнчү окуя.

Пакистан куралдуу күчтөрүнүн өкүлү жоокер Индия тараптан “жок жерден” башталган аткылоодон окко учканын билдирди. Маркум Кашмирдин Баттал тилкесиндеги постто турган. Индиядан азырынча комментарий боло элек.

Тараптар жекшембиден бери бири-бирин айыпташууда. Ал күнү аймакта пакистандык аскер набыт кетсе, шейшембиде индиялык 2 чек арачы өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG