Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:36

Баткендеги Бөжөй айылы үчүн Сохту айланып өткөн жол салына баштайт


Бул тууралуу өкмөттүн Баткендеги өкүлү Жеңиш Разаков бейшембиде облустук акимчиликтин алдына чогулган эл менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, Сох анклавын айланып өтүп, айылды облус борбору менен туташтырчу Бөжөй-Сөгөт-Бел аттуу 14 чакырымдык жол жакынкы күндөрү салына баштайт.

Бөжөй айылы Баткен шаарынан 80 чакырым аралыкта туруп, 700гө жакын калк жашайт. Айыл Кыргызстандын башка аймактары менен Өзбекстандын Сох анклавы аркылуу гана байланышат, уюлдук байланыш тартпайт.

6-январдагы Чарбактагы жаңжалдан соң Сохтогу чек ара бекеттери жабылгандан кийин айылдын тургундары Баткенге келе албай жатышат. Баткен облус жетекчилиги жаңжалга күнөөлүүлөр жоопкерчилик тартмайын чек ара бекеттери ачылбай турганын билдирди.

6-январда кыргыз чек ара бекетине электр зымын тартуу учурунда Сох анклавынын тургундары кыргыз чек арачылары менен кагылышкан. Андан кийин Кыргызстандын отуздай жараны барымтага алынып, ушул дүйшөмбүдө алардын баары бошотулган. Өзбек тараптын ырастоосунда, кагылышуу учурунда алардын кеминде үч жараны ок жеп жаракат алган. Кыргыз чек арачылары бул маалыматты четке кагууда. (BkA\JsA)

XS
SM
MD
LG