Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:28

Хамид Карзай АКШ мамкатчысы жана коргоо министри менен жолукту


Ооган президенти Хамид Карзай Вашингтондо мамлекеттик катчы Хиллары Клинтон жана коргоо министри Леон Панетта менен жолукту. Жолугушууда тараптар 2014-жылы АКШ куралдуу күчтөрүн Ооганстандан чыгарган соң ооган куралдуу күчтөрүн машыктыруу жана коопсуздукту камсыздоого жардам берүү үчүн канча аскер кала турганын талкуулашты. Жолугушуу учурунда Леон Панетта АКШ менен Ооганстандын биргелешкен көз карандысыз, өзүнүн коопсуздугун сактай алган мамлекет куруу боюнча аракети аягына чыгып калганын билдирди.

Панетта 2014-жылдын аягында аскер күчтөрүн чыгарып кеткен соң да АКШ Ооганстанга жардамын уланта берээрин кошумчалады. Хамид Карзай бүгүн президент Барак Обама менен жолугат.

XS
SM
MD
LG