Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Бакиевдердин жакындарынын кызыкчылыгын коргогон судьяга иш козголду


Н.Т аттуу Жалал-Абад райондор аралык соттун мурунку төрагасы, азыркы Аксы районунун судьясына кылмыш иш козголду. Облустук прокуратура аны кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, мыйзамга жатпаган чечим чыгарган, көз бойомочулукка барган деген айыптап жатат.

Иликтөөнүн жүрүшүндө судья бир катар ишканалар менен жең ичинен сүйлөшүп алып, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген чечим чыгарганы аныкталган. Соттун чечими менен апрель окуяларынан кийин мамлекеттин карамагына алынган Жалал-Абад шаарындагы "Строймаркет" курулуш базары Максат Зулпукаровго берилген. Ал мурунку президент Курманбек Бакиевдин иниси Акмат Бакиевдин жакыны Муктар Зулпукуровдун бир тууганы. Муктар Зулпукаров Бакиевдер менен бирге эл аралык издөөдө жүрөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG