Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:58

Жогорку Кеңештин депуттары Чарбакка барат


Ушул тушта Жогорку Кеңештин ар бир фракциясынын бирден өкүлүнөн турган топ Баткенде жүрөт. Кабарчыбыздын маалымдашынча, азыр Баткен шаарында жыйын өтүп жатат. Түштөн кийин депутаттар Чарбак айылына барышмакчы.

Кечээ облустук акимчиликтин алдына 300дөй адам чогулуп, ички иштер министри менен чек ара кызматынын төрагасы чыр чыккан айылга барып эл менен жолукпай кеткенине нааразы болушкан.

6-январда кыргыз чек ара бекетине электр зымын тартуу учурунда Сох анклавынын тургундары кыргыз чек арачылары менен кагылышкан. Андан кийин Кыргызстандын отуздай жараны барымтага алынып, ушул дүйшөмбүдө алардын баары бошотулган. Өзбек тараптын ырастоосунда, кагылышуу учурунда алардын кеминде үч жараны ок жеп, жаракат алган. Кыргыз чек арачылары бул маалыматты четке кагууда. (EBM/JsA)

XS
SM
MD
LG