Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:24

Аба ырайы: чукул эскертүү


11-13-январь күндөрү температуранын жогорулашынан улам жана жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында, Бишкек – Ош (121-137, 198-265 чакырымы), Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу (45-90, 145-150 чакырымы), Каракол – Эңилчек (45-90 чакырымы) жолдорунда кар күрткү түшүшү ыктымал. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү коркунучу бар жолдордор айдоочулар 500 метр аралыкты так сактоосу зарыл.

11-12-январь күндөрү температуранын жогорулашынан жана жаан-чачындан улам Чүй, Талас жана жана Бишкек шаарларында кар тез ээрип, ойдуң жерлерди суу катпашы ыктымал.

Кыргызстанда 12-январда маал-маалы менен кар жайт. Айрым жерлерде оор түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Тоолуу аймактарда кар көчкү коркунучу жогорулайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2... -7, күндүз 0... -5 градус, Талас облусунда түнкүсүн -7… -12, күндүз 0…+-5 градус, Баткен облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз -1…+4 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн - 4... +1, күндүз 0 ...+5 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2... -7, күндүз -3... +2 градус, Нарын облусунда түнкүсүн - 20... -25, күндүз -10... -15 градус болот.

Бишкекте 12-январда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурда 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2 градус, күндүз 0…-2 градус болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG