Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:47

Көмүскө экономиканын көлөмү 39-42 пайыз


Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев соңку иликтөө боюнча, Кыргызстанда көмүскө экономиканын көлөмү 39-42 пайызды түзөрүн “Азаттыкка” билдирди. Министр учурда ишкерлерди көмүскөдөн чыгаруу үчүн патент системасын жакшыртуу, салыкты азайтуу аракеттери көрүлүп жатканын маалымдады. Ошондой эле салыктан качкандардын жоопкерчилигин күчөтүү боюнча мыйзамга өзгөртүү долбоору даярдалып жатат.

Heritage корунун экономикалык эркиндик боюнча эл аралык рейтингинде Кыргызстан 89 орунду ээлеп, мурдагы жылкыдан бир кадам артка кетти. (EBM)

XS
SM
MD
LG