Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:32

Кытайлык компаниянын өкүлдөрү куршабдыктардан кечирим сурады


Бүгүн кытайлык ТВЕА компаниясынын жетекчилиги жана аталган өлкөнүн Оштогу консулдугунун өкүлдөрү Куршабга барып, жергиликтүү калктан кечирим сурады. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Шайлообек Козубаев билдирди.

Анын айтымында, Кытай расмийлери 9-январда Куршаб айылында болгон окуяда кытайлык жарандардын аракети туура эмес болду деген пикирди билдиришкен. Ошондой эле алар мындан ары Кыргызстанда иштеп жүргөн ар бир кытайлык өлкөнүн мыйзамдарын сыйлоого милдеттендирилерин айткан.

Бүгүнкү жолугушууга өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн, облустук Ички иштер башкармалыгынын, облустук Улуттук коопсуздук кызматынын жана облустук прокуратуранын башчылары да катышты.

Эки күн мурун Куршабда жергиликтүү тургундар менен кытай жарандары мушташа кетип, ондон ашуун адам ооруканага түшкөн. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG