Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:45

Көл таасиринен жаралган обондор


Камчыбек Букалев балдар үчүн бир нече обондорду жараткан. Ошол эле маалда махабат, туулган жер темасын дагы көз жаздымда калтырган эмес. Автордун жүрөк түпкүрүнөн сызылып чыккан обондорун убагында Болот Миңжылкыев баштаган белгилүү ырчылар аткарган. Камчыбек Букалаев учурда эмне менен алек жана кандай ой-толгоолору бар?

Камчыбек Букалаев обон жазууну студент кезинде баштаган экен. Бул куракта чыгармачылык ашыктык темасына арналат эмеспи. Жаш обончу ал салтты кыйгап өтүп, балдар темасында жаза баштайт. “Ачык көңүл балдарбыз” автордун тунгуч ыры. Ал ырдалган күндөн бери отуз жылдан ашуун убакыт өтүптүр.

- Балдар темасында композиторлор Мукаш Абдраев, Калый Молдобасанов кичине жазып кетишти. Көп эле обончулар “канча аракет кылдык, бирок болбоду” дегенин уккам. Бул балдар темасы татаал жанр дегенден кабар берет. Акыркы жылдары ага көңүл да бурулбай калды. Жакында эле “Кыргызпатент” менен “Рабаят” балдар театры ыр сынагын өткөрдү. Мен калыстар тобуна мүчө болдум. Кыргызстандын булуң-бурчунан келген обончулар катышты. Бир-экөө эле мыкты болбосо, көбү эптемей.

Обончу экс-президент Роза Отунбаева өткөндө Композиторлор союзуна барып, балдар ырларын жандантуу маселесин көтөргөнүн сөз арасына кыстара кетти:

- Эже балдар темасына, айрыкча балдар бакчасындагы ырларга басым жасап атат. “Жакшы ырлар аз, анүстүнө жалаң орусча ырдашат экен” деп айтты. Бул эми чындык. Мен өзүм да бала бакчада иштегем. Ыр жок кезде өзүм жаза коюп, ырдата калган күндөр да баштан өткөн. Балдар темасы бизде аябай жарды да. Ушул жылдын 1-июнунда чоң сынак өткөргөнү турабыз. Кулак кагыш үчүн айтып койсом ашыктык кылбас. Балдар ырларын жазып жүргөн обончулар, кичинекей ырчы бөбөктөр болсо азыртадан эле даярдана берсе.

Камчыбек Букалаевдин балдар үчүн жазылган бир нече мыкты обондору бар. Алардын ичинен “Баканын ыры” өзгөчө орунду ээлейт:

- Жыйырма жаштамын. Абдылда Карасартов деген акын агабыздын ыры экен. Жагып калып, арыдан-бери обон чыгардым. Балдарга аябай жакты окшойт, ушул убакка чейин ырдап жүрүшөт. 1989-жылы тун уулум Алмаз бул ырды Евпатория шаарында өткөн балдардын Бүткүл союздук музыкалык фестивалында ырдап чыккан. Евгений Дога баштаган калыстар тобунун жогорку баасына татыган эле. Анча болду эми бир сырды ачайын: баканы даңктап ырдаганым менен андан корком. 5-10 метр жерден караанын көрсөм денем жыйрылып, өңүм бузулуп кетет (күлүп).

Композитор болбой калганыма өкүнөм

Автор учурда №69 мектепте музыка сабагынан мугалим. Саал бош убактысы болсо чыгармачылык менен алек. Бир топ обондорун атактуу ырчылар созуп жүрүшөт. Ушундан улам Камчыбек Букалаевдин капчыгы калың эле чыгаар деп түкшүмөлдөгөндөр да жок эмес. Буга өзү эмне дээр экен?

- Чынын айтканда көп ырчылар гонорар төлөгөндөн качат. Айтсаң эле аранжировка жасатып, анан клип тарттырдык деп актанып киришет. Көбүнө бекер эле беребиз. Ал эми чындап карай турган болсок бул чоң эмгек. Биз үчүн жумуш эле да. Мектептин айлыгын билесиңер. Тойго деле барып ырдабайм. Жок дегенде ушу мээнет үзүрүн берсе дейсиң.

Автордун ыр куржунунда Ысык-Көл тууралуу обондор басымдуу. Алардын бири Турар Кожомбердиевдин сөзүнө жазылган “Кереметтүү Көл кечи”. Аны биринчи жолу сахнага дүйнөгө белгилүү ырчы Болот Миңжылкиев ырдап чыккан.

- “Кереметтүү Көл кечи” туулган жерге арнаган тунгуч ырым. Асанкан Жумакматов өзү оркестрге ылайыктап иштеп берип, Болот Миңжылкыев ырдап чыккан. Ал киши бизге коңшу Тору-Айгыр айылынан болот да. Экөөбүз ушул ырдан кийин таанышып, ага-ини болуп жүрдүк.



“Кереметтүү Көл кечинен” кийин автор Көл темасына арнап, бир нече обон жараткан. Анын себебин минтип түшүндүрдү:

- Балалыгым Чырпыкты айылында өттү. Көлгө жакын болгондуктан жээкте эле жүрчүбүз. Азыр да Көлсүз жашоомду элестете албайм. Жай болобу, кыш болобу саал бошосом эле айылга жөнөйм. Көл менен сырдашсам ичтеги бугум чыгып, кадимкидей жеңилдеп калам. Эл оозуна алынып калган ырларымдын көбү Көлдүн таасири аркасында жаралган. Кээде мени “жалаң эле Көл тууралуу ырларга обон жазасың” деп тамашалап калышат. Чынында андай деле эмес. Жолдубай Кайыповго арнаган обонум бар. Аны Ат-Башынын тоолорун элестетип жазгам.Токтобек Асаналиев ырдап жүрөт. Жакында эле Жыпар Исабаеванын ырына обон чыгардым. Жети дубан жөнүндө, балдарга арналган. Кыргызстандын бардык эле жери кооз эмеспи. Чыгармачылыкта бөлүнүү болбойт эмеспи.

Камчыбек Букалаев классикалык музыканын чыныгы күйөрманы. Пианисттин жеке концертиби же симфонияныкыбы үзбөй барат. Көрсө бир кезде ага композиторлукка жол ачылып, бирок сүрдөп окубай койгон экен. Ошого али күнчө өкүнөрүн жашырбайт.

- Композитор болбой калдым. Ошого өкүнөм. Мукаш Абдраев менен Калый Молдобасанов агаларыбыз жакшы эле айткан. Бирөөлөр композитор болуш кыйын десе корккон элем. Азыр классикалык концерттерге барганда ушундай музыка жазбайт белем деп ичим ачышат. Болор иш болду дечи, эми ушул балдарга арнап, ар бир майрамда ырдай турган обондорду жазуу тилегим бар.
XS
SM
MD
LG