Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Мамдума Познерди ТВдан кетиргенге камданууда


Орусия парламенти чет элдиктердин мамлекеттик маалымат булактарында иштөөсүнө тыйуу салган мыйзам долбоорун эмки жума күнү колго салат.

Мамлекеттик думанын мүчөсү Михаил Старшиновдун журналисттерге айтышынча, жаңы мыйзам чет өлкөлүктөрдүн Орусияны ачыктан ачык кемсинтүүсүнө бөгөт койот. Декабрда чет өлкөдө туулган орусиялык таанымал журналист Владимир Познер Мамдуманын орусиялык балдарды АКШлык жарандардын асырап алуусуна тыйуу салган мыйзамды бекиткенин сындоосу орусиялык парламентарийлер арасында нааразылык жараткан. Бул мыйзамды Мамдума АКШда "Магнитский акты" кабыл алынгандан улам иштеп чыккан. Акт боюнча 2009-жылы абакта татыктуу медициналык жардам көрсөтүлбөй көз жумган адвокат Магнитскийдин өлүмүнө жана башка адам укугун бузууларга тиешеси бар мартабалуу расмий адамдардын АКШга каттоосуна тыйуу салынган. Владимир Познерде Орусия, АКШ жана Франциянын жарандыгы бар.

XS
SM
MD
LG