Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эмгек жамааты жалпы жыйын өткөрүп, анда Баткен облусунун Чарбак айылындагы татаал шартта жашап жаткан жарандарга гуманитардык жардам иретинде бир күндүк эмгек акыларын которуп берүү боюнча чечим кабыл алышты.
Министрликтин борбордук аппаратынын баштапкы профсоюз уюмунун төрагасы Сүйүнбай Зулуев “учурда чек арадагы Чарбак айылынын тургундары оор шартта жашап жатышат, азыр алар моралдык да, материалдык да жардамга муктаж” экендигин айтты.
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун маалыматы боюнча, өкмөттүн Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кайрылуусунун негизинде Чарбак айылын таза суу жана жол менен байланыштыруу маселелерин чечүүгө күйүүчү май жана техника берүү маселеси да Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан каралып жатат. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. JAk