Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:12

Ошто композитор Рыспай Абдыкадыровду эскерүү иш-чарасы өттү


Бүгүн Ош облустук филармониясында белгилүү композитор, обончу-аткаруучу маркум Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө арналган эскерүү иш-чарасы өткөнүн “Азаттыкка” Ош облустук администрациясынын кызматкери Камчыбек Досматов кабарлады.

“Иш-чарага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер жана ырчынын жакындары катышып, эстелигине гүл коюлду”,-деди Досматов.

Бүгүн Абдыкадыровдун туулган күнүнө арналган концерт да өтөт, ага белгилүү ырчылар Апаз Жайнаков, Абидин Темиров, Алтынай Нарбаева, Жолболду Алыбаев, Токон Эшбаев, Арзыбек Бедияров катышат.

Рыспай Абдыкадыров 1941-жылдын 12-январында Оштун Кара-Кулжа районунда төрөлгөн. Ал кыска өмүрүндө 200дөн ашуун чыгарма жараткан. Абдыкадыров 53 жашында дүйнө салган.

Ош облустук акимиаттын колдоосу менен жакында Рыспай Абдыкадыровдун ноталык чыгармалары, эскерүүлөр камтылган 6 томдук китеп кыргыз, кытай, латын, англис тилдеринде жарык көргөнү турат. JAk

XS
SM
MD
LG