Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:48

Аба ырайы: кар көчкү коркунучу бар


12-январдан 14-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137 км, 198-265 км), Мырзаке-Каракулжа-Алайкуу (45-90 км, 145-150 км), Каракол-Энгилчек (45-90 км), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100 км) тоолуу жолдорунда кар көчкүсү, кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо сунуш кылынат.

13-январда айрым жерлерде кар жаайт, түнкүсүн Чүй, Талас облустарында жаан-чачын көпчүлүк аймактарда күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -8...-13 градус, күндүз -1...-6 градус суук болот. Таласта түнкүсүн -12...-17 градус, күндүз -1...-6 градус болот. Ош, Жалал-Абад түнкүсүн -6...-11 градус, күндүз -4...+1 градус болот, Баткенде түнкүсүн -7...-12 градус, күндүз -4...+1 градус болот. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6...-11 градус, күндүз 0...-5 градус суук болот. Нарын облусунда түнкүсүн -18...-23 градус, күндүз -10...-15 градус болот.

Бишкекте 13-январда түнкүсүн кар жаайт, күндүз дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамал батыштан, ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн -9...-11 градус, күндүз -2...-4 градус болот. JAk

XS
SM
MD
LG