Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:09

Ош жаштары Чарбак үчүн 144 миң сом жардам чогултту


Ош мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Сонунбек Жунусбаевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, алар эки күндүн ичинде Баткендин Чарбак айылынын тургундары үчүн 144 миң акчалай жана 70 миң сомдук азык-түлүк, дары-дармек чогултушкан.

Чогулган каражатка чарбактыктар муктаж болгон буюм-тайымдарды сатып алып, өзүбүз жеткирип келебиз”, - деди Жунусбаев.

Чек ара жаңжалы чыккан Чарбак айылына жана барымтага түшүп, ур-токмокко алынган тургундарга буга чейин Сохтун жака-белиндеги башка айылдар да каралашып жатышат. JAk

XS
SM
MD
LG