Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Франция Сомалидеги чалгынчысын куткара алган жок


Франциянын коргоо министри Жан Ив Лө Дриаң бүгүн Сомалиде 2009-жылдан бери барымтада жаткан франциялык тыңчы куткаруу операциясында каза тапты деген ишенимин билдирди. Министр ошондой эле ишке ашпай калган операцияда Франциянын бир аскери окко учуп, дагы бирин исламчыл согушкерлер туткунга алгандыгын кошумчалады.

Тик учактын коштоосунда франциялык командос күчтөрү өткөн түнү Сомалинин түштүк-батышындагы Було Марер шаарчасында "ал-Шахаб" исламдык кыймылдын турагына кол салды. Алар үч жарым жылдай мурда Сомалиде уурдалган франциялык чалгынчы Денис Алексти куткарып алууну көздөшкөн. Бирок "ал-Шахаб" Алекс өлтүрүлдү деген ырастоону четке кагып, чалгынчы согуш аймагынан алыста, "коопсуз" жерде экендиги айтылган билдирүү жарыялады.

Сомалидеги куткаруу операциясы франциялык аскерлер батыш Африкадагы Мали өлкөсүндө исламчыларга каршы аскер жөнөткөндөн бир нече сааттан кийин орун алды. Малиде бүгүн исламчыларга каршы согуш аракеттеринде франциялык тик учактын айдоочусу өлтүрүлгөнү кабарланууда.

XS
SM
MD
LG