Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:26

Чехияда президенттик шайлоо аяктады


Чех жумуриятында президенттик шайлоонун биринчи айлампасына киши көп келгендиги кабарланды. ЧТК агенттиги сегиз миллион шайлоочунун үчтөн экиси добуш бергендигин билдирди.

Кечээ-бүгүн Чехияда биринчи жолу президентти түз шайлашты. Кызмат мөөнөтү бүтүп жаткан 71 жаштагы Вацлав Клаус Баш мыйзам уруксат берген беш жылдык экинчи мөөнөтүнүн соңуна чыкты.

Алдын ала жыйынтык келерки сааттан баштап белгилүү боло баштайт. Сурамжылоодо экс премьерлер Ян Фишер менен Милош Форман экөө алдыда келатышкан. Үчүнчү орунда денесине ийне менен кооздоп сүрөт салдырган композитор Владимир Франц турат. Бардыгы болуп тогуз киши атаандашууда. Биринчи келген экөө жарым айдан кийин кайрадан ат салышат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG