Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Карзай кийинки президенттик шайлоого катышпайт


Ооганстандын лидери Хамид Карзай 2014-жылы экинчи кызмат мөөнөтү бүткөндөн кийин "президенттик кызматты таштап кетем" деп сөз берди. 10 жылдан ашык убакыттан бери АКШ колдогон ооган өкмөтүн башкарып келаткан Карзай Вашингтондо президент Барак Обама менен бирге маалымат жыйынын өткөргөндө сүйлөдү.

Карзай ооган эли келерки президентин тандап ала тургандай акыйкат шайлоо өткөрө алса, өзүнүн эң чоң жетишкендиги деп ошону билээрин кошумчалады.

Мунун алдында Обама Ооганстандагы америкалык аскерлер коопсуздук милдеттерин оогандарга өткөрүп берүүнү тезтетип жаткандыгын билдирген.

АКШнын президенти куралдуу күчтөр коопсуздукту камсыздоо жаатындагы милдеттенмелерин ооган кесиптештерине өткөрүп берүүнү тездетип жаткандыгын жарыялады. Обама АКШ аскерлери ооган армиясына жардам берүү иштерин мурдатан пландалгандан эртелеп, жаз айларында өткөрүп берээрин бышыктады. Буга чейин АКШнын армиясы согуштук аракеттерден жай мезгилинде баш тарта баштайт деп болжолдонгон эле.

XS
SM
MD
LG