Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:05

Миңдеген күрттөр Парижде демонстрация өткөрүштү


Европанын булуң-бурчунан келген миңдеген күрттөр Франциянын баш калаасында үч күрт активистти өлтүргөндөрдү табууну талап кылышты. Күрт демонстранттары Париждин Сакине Жансыздын жана дагы эки активист аялдын сөөгү табылган ооданы аркылуу ишембиде өтүштү.

Демонстранттар алардын өлүмү үчүн Түркияны айыпташууда. Ал арада Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган издөөдөгү согушкер Жансыз кандайча Францияда кенен-кесири жүргөндүгүн түшүндүрүүнү талап кылды. Франциянын ички иштер министри Мануел Уал үч аялдын атайын өлтүрүлгөнүндө күмөн жок экендигин айтууда.

Түркиянын бийликтери күрт активисттеринин өлүмүн Курдистандын Жумушчу партиясындагы «ички тирештин жыйынтыгы» деген пикирин билдирген.

XS
SM
MD
LG