Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

Баткендиктер спикер менен кездешти


Кечээ Бишкекке Баткен облусунун Жаш-Тилек, Сай, Бөжөй жана Таян айылдарындагы элдин атынан келген өкүлдөр Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда айыл тургундары Чарбак жаңжалынан кийин бир нече олуттуу маселени чечүү керектигин белгилешти. Алар: чек араны бекемдөө, күч түзүмдөрүн күчтөндүрүү, Сох анклавын айланып өткөн жолду куруу. Тургундар парламент төрагасынан бул жылкы бюджеттен Бел-Сөгөт – Өтүкчү, Сай – Сырт-Ормош ички жолдордун курулушуна каражат бөлдүрүп берүүнү суранышты.

Асылбек Жээнбеков Сохту айланып өтмө жолду курууга быйылкы бюджеттен акча каралаарын кошумчалады. Чек арадагы жаңжалды териштирүү үчүн депутаттык топ түзүлгөн.

5-7-январь күндөрү Баткенде Өзбекстандын Сох анклавына чектеш Чарбак айылында чыр чыгып, Сохтун Хушяр айылынын тургундары 30 кыргыз жаранын барымтага алышкан. (AKu)

XS
SM
MD
LG